Аалам адамы — Ч.Айтматов

2018-жылдын 14-декабрында БКМ 2-17 тайпасы тарабынан улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Аалам адамы — Ч.Айтматов» деген темада эскерүү кечеси болуп өттү. Эскерүү кечеге Балыкчы шаарынын мэриясынын өкүлү Н.Исагалиева катышты. Сахна Ч.Айтматовдун сүрөтү, чыгармалары, сыйлыктары көрсөтүлгөн банер, стенддер менен жасалгаланды. Ошондой эле залга жазуучунун ар бир чыгармасын чагылдырган дубал газеталар илинди. Кечеде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жана айткан накыл кептери чагылдырылган слайддар көрсөтүлдү. БКМ тайпасынын студенттери улуу жазуучунун ар бир чыгармасынын каармандарын сахналаштырышты. Жазуучунун он эки керемети жөнүндө кеңири айтып беришти. Эскерүү кечесинин аягында жалпы эле окуу жай ичинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналып өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары чыгарылып, ар иш-чарага катышкан студенттер жана тайпаларга сыйлыктар тапшырылды.

77
777
previous arrow
next arrow