«1-Сентябрь — Билим күнү!»

1-сентябрь күнү биздин колледжде жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага колледждин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышып, жаңы окуу жылына арналган ак жол каалоолор айтылды. Ар кандай чыгармачылык номерлер көрсөтүлүп, майрамдык маанай тартууланды.

Жаңы окуу жылы ар бир студент үчүн билимге умтулуу, жаңы максаттарды коюу жана ийгиликтерди жаратуу жылы болсун деген каалоо менен иш-чара жыйынтыкталды.