“Ата-энелер мектеби”

2024-жылдын 19-мартында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин

СО 2-23 жана СО 11-23 тайпасынын ата-энелеринин чогулушу болуп өттү. Куратор Жумабек кызы Жанара тайпадагы студенттердин 1-семестрдеги жетишкентиктер жана студенттердин билим сапаты боюнча жалпы сабак берген окутуучулар тарабынан да маалыматтар берилди.

            Чогулуштун 2-бөлүгүндө окутуучу Ибирайым кызы Гүлжан “Ата-энелер мектеби” боюнча “Бала тарбиясында эң маанилуү адам-энеси, эң көп таасир эткен адам-атасы” аттуу семинар өткөрдү.

Мында ата-энелер менен баланын ортосундагы мамиле,  жалпы тарбиялоо процессиндеги маселелер тууралуу кызыктуу аңгемелешүу жүрдү. Ата-энелер топторго бөлүнүп, активдүү иш алып барышып, бала тарбиялоодогу өз ойлорун бөлүштү.

            Семинардын аягында ата-энелерге koohat платформасы аркылуу даярдалган психологиялык тест менен жыйынтыкталды.

previous arrow
next arrow
Slider