Улуттук тазалык күнү

2024- жылдын  11- мартында  Кыргыз Республикасынын  Министрлер  Кабинетинин  Төрагасы- К.Рнын  Президентинин  Администрациясынын  Жетекчиси А.У. Жапаровдо болгон  кеңешмесиндеги  тапшырмасына ылайык, К.Рнын  Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура  түзүү боюнча  иш- аракеттер планы жөнүндө Ысык- Көл индустриалдык- педагогикалык  колледжде жазгы эки айлык кампаниясын өткөрүү жөнүндө иш- пландар түзүлүп аткарыла баштады.

            15-мартта колледждин студенттери окуу жайдын айлана-тегерегине тазалоо иштери жүргүзүү менен ишембиликке чыгышты.

            Балыкчы шаарындагы мекеме-ишканалардын, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган ишембиликке табиятка кам көрүү максатында окуу жайдын окутуучулар жамааты активдүү  катышты.

previous arrow
next arrow
Slider