Ата Мекенди коргоо күнү.

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата колледждин тайпалар арасында аскер-спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул спорттук мелдеш аскер жетекчиси К.Н.Жапаев тарабынан түзүлгөн атайын Жобонун негизинде даярдалды. Мелдешке калыстык кылуу үчүн Балыкчы шаардык Аскер коммиссариатынын орун басары майор А.Садыев жана АЧД боюнча инспектор Р.Мусаевалар келишти. Мелдеш 6 тапшырмадан турду. Ар бир тапшырмага нормативдер коюлган. Бул мелдеш студенттердин мекенге болгон патриоттук сезимдерин ойготуу менен мекенчил, ынтымактуу болууга үндөдү. Мелдештин жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан командалардын упайлары эсептелинип, орундарга ээ болгон командаларга, активдүү катышкан студенттерге дипломдор тапшырылды.

previous arrow
next arrow
Slider