«Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт»

2024-жылдын 1-мартында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө”  жарлыгынын негизинде Балыкчы шаарындагы орто кесиптик окуу жайлар менен биргеликте ЫКИПКнын тарых мугалими Ибирайым к Гүлжан «Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт» аталыштагы  илимий-практикалык конференция уюштурду. Конференция атайын түзүлгөн программанын негизинде өткөрүлдү. Бул конференцияга Балыкчы шаарындагы Т.Ибраев атындагы №22 кесиптик лицейинин жана КГТУ колледжинин тарых мугалимдери, студенттери келип катышты. Студенттер тарабынан баяндамалар окулду. Катышкан окутуучулар, студенттер, коноктор “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү» тууралуу атайын түзүлгөн суроолордун негизинде талкуу жүргүзүлдү.

previous arrow
next arrow
Slider