Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжине иш сапары менен келди.

Иш сапарынын алкагында ал колледждин материалдык-техникалык базасы, окуу кабинеттери жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты. Ошондой эле окуу процесси, адистерди даярдоо багыттары боюнча маалымат алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү сапатын жогорулатуу жана окуу жайдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.