Көтөрүлгөн айлыкка мугалимдер ыраазы

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Мамырова Гульнура Джекшебаевна Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжине келип, жалпы эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдагы кошумча курстардын ачылышы, валидация жана сертификациялоо маселелери, туризм багытынын өнүгүшү, окуу-өндүрүштүк комплекстин ишмердүүлүгү, окуу процесси жана аскерге чейинки даярдык боюнча бир катар суроолорго жооптор берилди.

Колледждин жалпы жамааты көтөрүлгөн айлык алардын ишине чоң мотивация берип жатканын белгилеп, өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдиришти