Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде студенттердин коопсуздугун камсыздоо жана тарбиялык иштерди күчөтүү максатында кибер кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маанилүү жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга Балыкчы ШИИБ кызматкерлери: милициянын майору Тургуналиев С.Н., милициянын улук лейтенанты Абдразаков А.Ш., милициянын лейтенаты Марксов С.М., ЖИИнин тескɵɵчʏсʏ милициянын лейтенаты Болотбек у Э. катышып, жаштар арасында кездешкен көйгөйлөр боюнча кеңири маалымат беришти.

Колледждин окутуучулары жана ата-энелери активдүү катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маанилүү маселелер талкууланды:

✅ Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана анын кесепеттери;
✅ Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу;
✅ Кибер алдамчылыктын түрлөрү жана шылуундардын ыкмаларынан сактануу жолдору.

Адистер тарабынан жаштарга мыйзамдык жоопкерчилик, интернет коопсуздугу, жеке маалыматтарды коргоо жана шектүү онлайн сунуштардан сак болуу боюнча пайдалуу кеңештер берилди. Мындай иш-чаралар студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатып, коопсуз чөйрө түзүүгө чоң салым кошот.

Колледж жамааты келечекте да студенттердин коопсуздугу жана тарбиясы үчүн ушундай пайдалуу жолугушууларды уюштурууну улантат.